www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Үч-Коргон ГЭСинин ишмердүүлүгү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө министрге станциянын негизги генерациялоочу жабдууларын жаңылоо, өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатуу, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Учурда объектте башкы подрядчы катары Кытайдын CNEEC компаниясы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 100дөн ашуун адис тартылган.
Маалыматка ылайык, модернизациялоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүрүп жатат жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоодогу маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.
Үч-Коргон ГЭСинде жалпы төрт гидроагрегат бар. Алардын экөө учурда жаңыланууда. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 220 мегаваттка жетип, негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү кыйла узартылат.
Иштин жүрүшү менен таанышкан Эрлист Акунбеков аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Белгиленгендей, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорун үстүбүздөгү жылдын аягына чейин толук аяктоо пландалууда.