www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында күйөөсү аялын бычактап салды

Нарын шаарында 31-августта «Он-Арча» базарында эркек киши аялына бычак менен кол салган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. 1982-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну М.Н., базардын аймагындагы кафеде ашпозчу болуп иштеген 1983-жылы туулган аялы — С.А.га бычак сайганы аныкталган.

Жабырлануучу Нарын облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кол салуу фактысы боюнча Нарын ОИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Н. кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Последние новости