www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабаевди адал иш кылыптыр дешти

Ырасында эле Манас Арабаевдин өткүрлүгү, сары изине чөп өстүрүүгө жол бербестиги ачык билинди. Баш прокуратуранын тың чыкмалары кабат-кабат шектенүүлөрдүн биринен да илинчек таппай алакан жайган кези. Мына бу “настоящий” ак үйдүн кызматкери экендигин тастыктаган Макеме мындан ары асылууну токтоткула? Колуңардан келеби, баскан изиңерди жашырганды жакшылап үйрөнгүлө? Болбосо көралбастыкты азайтып, оокатыңарды кылгыла?

Ким билет, биздин борбордо чылпак алууну билбегендер көздү аймап болсо да доого жыгууга умтулушат. Кантип эле сотторду тергеген кишиде кемчилик болбосун, тимеле ишти жаап коюшту? Манаста жашылбай деген толуп-ташып турса беркилердин оозун булгап салгандыр да дегендер козголушу мүмкүн. Эмнеси болсо да күч түзүмдөрүнүн таң каларлык “кадамдары” арбыгансып баратат. Баса, М. Конгантиевди да прокуратурадагылар аппак экен десе бүшүркөбөгүлө, анткени колунда шыпыргысы барлар чаңды каякка кааласа ошол тарапка шыпыра берет. Айрыкча өтпөгөн бычакты ыйкай берүүгө көндүм болуп калгандар…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости