www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкүрөгү орден, медалдарга толгон кишилерди көргөндө аябай суктанар элек. Ошолор негедир бактылуу адамдай болуп көрүнчү бизге. Айрыкча Социалисттик Эмгектин Баатырлары келатканда жарыла жол берип, ызаат кылчубуз. Анткени илгеркилер эмгегине жараша сыйга татыктуу болгон. Ал эми акыркы жылдардагы каармандарга кандай баа берсек болот?

Урааным Манас деп кыйкырганда тимеле жер жарылат. Ошол даңазалуу атабыздын наамындагы ордендерди кимге беришти? Атын атоодон да уялып турабыз. Учуру келгенде ошол ордендерди темир-тезек алгандар да түккө турбаган сары чакага сатып алышаарына деле жакындап калдык окшойт. Ошондуктан ордендерге жулунбай, мекенчил болууга, ак эмгекти элге арноого, адилеттик үчүн тикебизден тик турууга адаттансак майнаптуу болмок. Дардаңбайлар, жел өпкөлөр мындан кийин мактана алышпай калат шекилди…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости