www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО: Орусия чек арадагы чыңалууну токтотушу керек

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украина менен чектешкен аймагына аскерий күчтөрдү тартуусун сынга алды.

26-ноябрда Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында Столтенберг расмий Москваны Украинанын аймагына жакын жерлерге аскерлерин көбөйтүп жатканын айтып, чыңалууну токтотууга чакырды.

"Эгер Орусия аскерий күчтөрүн Украинага каршы колдонсо сөзсүз түрдө анын кесепети оор болот. Ушундан улам Орусияны аскерлерин артка тартууга чакырабыз".

Столтенберг өз сөзүндө Орусия Крымдын аннексиясын мыйзамсыз улантып, Украинанын чыгышындагы бейкуттукка жол бербей жатканын айтты. НАТО Орусиянын мындан аркы иш-аракеттери боюнча чалгын иштерин улантып жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости