www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Момбеков боюнча соттун чечимине каршы даттанат

Борбордук шайлоо комиссиясы "Социал-демократтар" партиясынын талапкери Рыскелди Момбековго чыгарган Административдик соттун чечими боюнча добуш берүү күнү бүткөндөн кийин карап, талашат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлады.

БШКнын жумушчу тобу маселени карап, аны саясий өнөктүгүнөн четтетүүнү сунуштап, андан соң чечим кабыл алган. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

"БШКнын чечимди (Момбеков боюнча - ред.) шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган. 27-ноябрда добуш берүү шайлоо участкаларынан сырткары жүрүп жаткандыктан жана 28-ноябрда шайлоо болорун эске алып, соттун чечими менен Момбеков талапкер боюнча калды. Бирок муну менен катар эле БШК өз чечиминин мыйзамдуу жана негиздүү экендигинен улам Бишкек шаарынын административдик соту чыгарган жыйынтык боюнча добуш берүү күнү аяктагандан кийин талаша тургандыгын билдирет", — деп айтылган маалыматта.

Мурдараак административдик соттун күчүнө кирген чечиминен кийин, БШК эми аны үч календарлык күндө Жогорку сотко арыздана алары маалымдалган.

Эске салсак, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости