www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Америкалык кыялдын" кыйрашынын ачык мисалы болгон Ооганстан коопсуздуктун болжоп болгус коркунучтары менен Батышты чочулатып келет. Лондон маңызында планетадагы согуштук аракеттер жүргөн аймактардын көзөмөлүн колдон чыгарган Вашингтондун бушаймандыгын чагылдыргандай.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 25-октябрда Ооганстандагы абалды талкуулады. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул талкуунун жана көйгөйлүү бул республиканын учурдагы жагдайына баам салган.

Путин "Москва форматындагы" талибдер менен жакындагы эле консультациялар (Орусия, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн) жөнүндө кабарлады. Ал эми Жонсон "Талибандын" болжолдуу таанылышы боюнча санааркаганын жашырган жок. Дал ушул сүйлөшүү учурунда 20 жылдык аскердик операциялардан кийин жеңилгенин моюнга алгысы келбеген Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы бар экени ачык байкалып турду.

Ооганстандын суверенитетин эч шартсыз сыйлаган күндө да анын жаңы өкмөтүнүн эл аралык таанылышына дагы эртелик кылат. Андан мурун Путин "Талибанды" террордук уюмдар тизмесинен чыгаруу Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде чечилиши кажет, бул үчүн талибдер "өлкөдөгү этникалык жана диний топтор, саясий жана коомдук уюмдардын бардыгы менен өз ара мамиле түзүүгө тийиш" экенин белгилеген. Тилекке каршы, Ооганстан сексендин тегерегиндеги улут жана элдин тынчтыгын камсыздоого чамасы жетпей, террорчулуктан да кутула элек. Убактылуу өкмөт "Ислам мамлекети" тарабынан жаңырып турган экономикалык чакырык жана коопсуздук коркунучтарына туруштук бере албай жатат.

24-октябрда Тажикстандын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо соңку айлардагы окуялар Ооганстандагы аскердик-саясий жагдайды бүлгүнгө учуратып, аргасыз абалга кептегенин билдирди. Эң кейиштүүсү, анын бул айткандары чындык.

Ооганстан иш жүзүндө талибдер тескеген жана башка террордук топтор, ошондой эле, кенже Масуддун жетекчилигиндеги Каршылык көрсөтүү фронту көзөмөлдөгөн аймактарга бөлүнүп калды. Өлкөдөн согушкерлердин Борбор Азия мамлекеттерин басып кирүү коркунучу дале күч. Жамааттык коопсуздук келишим уюму Ооганстан менен чектешкен Тажикстан жана Өзбекстандын аймагында алты мамлекеттин аскерлеринин катышуусундагы атайын машыгууларды тегин жерден өткөрүп жаткан жок.

Коопсуздук алкагы

"Москва форматындагы" жолугушууда талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлдөп жатканын айткан. Анткен менен чет өлкөлүк өнөктөштөрүн жана контрагенттерди жаңы бийликтин башкарууга жарамдуулугу жана натыйжалуу экенине ишендирүү аракети анчалык ынандыраарлык эмес. Талибдер өлкөнүн жай жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай, ал түгүл өздөрүн да коргой албай жатат. Ар кайсы провинцияларда чек араларды тааныгысы жок "Ислам мамлекетинин" отряддары уюштурган терактылар, ок атышуулардын токтой турган түрү жок.

Куралчан талибдер 26-октябрда Кабулдагы авиакассанын тегерегиндеги топтошкон элди ок атып таратты, жарадар болгондор жок эмес. Айрыкча аялдар көп жабыркады, бул тууралуу кепке дагы кайрылабыз.

Өткөн аптада Ислам мамлекети уюмунун согушкерлери Желалабадда талибдердин автомобилдерине чабуул жасады. Кабул жана башка провинцияларды жарыксыз калтыруу үчүн электр өткөргүч чубалгыларын жардырышты. Бийликти кулатуу үчүн террордун ушундай ыкмасына кезегинде талибдер өздөрү да барганы маалым.

"Вилаят Хорасан" да бийлик жана таасир үчүн күрөшүүгө даяр. Өткөн жекшембиде Гераттагы талибдер менен ИМ согушкерлеринин ортосундагы атышууда 17 киши окко учуп, арасында аялдар жана жаш балдар да набыт болду.

Ошол күнү ИМдин кара желеги Урузган провинциясында көтөрүлдү. Жергиликтүү калкка 30 миң афгани (340 доллар, бул сумма аталган өлкөдө учурда бир топ акча) сунуштап, аталган уюмга кирүүгө үндөштү. Afghanistan.ru маалымат ресурсуна таянсак, Гератта "Ислам мамлекетине" Абдул Манан Ниязи молдону жактаган талибдердин жоон тобу кошулуп кетти.

Өлкөдөгү абал бардык жактан начарлоодо. Ал тургай сабырдуу деп сыпатталган Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Дохада 25-октябрда өткөн жолугушууда талибдерди ачык башкарууга, аялдар жана балдардын мыйзамдуу укуктарын коргоого, этникалык топтордун бардыгынын башын бириктирүүгө чакырды. Кулак сыртынан кетиришкендей талибдер эртеси эле күнү Кабулдагы аялдардын нааразычылык акциясын кууп таратты.

"Талибандын" расмий өкүлү Забихулла Мужахидо: "Аялдар шарият алкагында жашайт", - деп так кесе сүйлөгөнү бар. Шарияттын укук өңүтү Ооганстандын 40 миллиондук калкынын ишеним жана тандоосуна татыбаган молдолордун бир ууч тобунун колунда.

Коңшу мамлекеттеги кыйсыпыр түшкөн кырдаалдан улам тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Махмадтоир Зокирзода ЖККУдагы өнөктөштөрүн коопсуздуктун бекем алкагын түзүүгө үндөгөн. Бул демилгеге жооп катары Россия дароо аталган республикадагы өзүнүн аскердик базасын заманга бапташтырылган 30 даана Т-72Б3М танкы менен бекемдеген.

Андан мурун "Москва форматындагы" талкууну болжолдуу кеңейтүү үчүн базанын мотоаткычтар бөлүгү заманбап БМП-2, жаңы үлгүдөгү "Верба" зениттик ракеталар комплексине, ошондой эле, абдан ыраакка багытталган реактивдүү огнемёттор, танкка каршы "Корнет" ракеталык комплекстерине, 12,7 мм калибрдеги узакка ылайыкталган "Корд" АСВК-М снайпердик мылтыктарына, АК-12 автоматтарына жана башка куралга ээ болгон.

Пакистандагы АКШ авиабазасы

Кошмо Штаттар жана НАТО өлкөлөрү 20 жыл согушкан Ооганстандын келечегине өз жоопкерчилигин мурдагыдай эле аңдаша элек. Жеңилип жана америкалык күчтөрдүн чыгарылышына карабастан Вашингтон ооган чек араларына жакын "кошумча аэродром" жайгаштыруу жөнүндө чөлкөмдөгү оюнчулар менен сүйлөшүүгө умтулушун коё элек. Борбор Азия өлкөлөрү андай сунушту кабыл албай турганын болушунча так кесе билдирген, анткен менен Пакистанда Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-аба күчтөрүнүн базасы пайда болушу ажеп эмес.

Болгондо да Исламабад талибдер менен кызматташуунун "бейрасмий каналдарын" колго алып койгон. Аталган мамлекет менен Кошмо Штаттар Ооганстанда АКШнын ААК аскердик жана чалгындоо операциялары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюуга чукулдап калды. Ошентип, Вашингтон жеңилүү ызасын басаңдатып, ал эми Исламабад террорчулукка каршы күрөштө жана Индия менен алака түзүүдө америкалык жардам алмакчы.

Эгер америкалык аскердик авиация Ооганстандын аймагын катуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, 20 жылдык тарых кайра кайталанаары шексиз. Бул жай жарандарга жаңы бүлгүн салып, чектешкен Борбор Азия мамлекеттерине качкындардын жаңы агымын жаратары турулуу иш.

Бул маселени даана түшүндүрүү үчүн көрсөткүчтөргө бир үңүлүп көрөлү. Америкалыктар Ооганстандан 124 миңге жакын адамды көчүрдү, Түндүк Америкадагы Пентагондун базаларында эле ушул тапта 53 миңден ашуун оогандык жаран баш калкалоодо. Ооганстандагы абал дагы ырбай бере турган болсо, миллиондогон адам качкынга айланат.

Ооганстан ислам республикасынын жаңы бийлигинин өкүлдөрү жакында эле Улуттук каршылык көрсөтүүнүн жогорку кеңешин түзүү туурасында айтты. Кеңеш жарандарды "ички өзүм билемдикке, чет өлкөлүк агрессия жана оккупацияга каршы оор жана узак жүрө турган күрөшкө" даяр турууга чакырды. Демек, Ооганстандын аймагында "баары баарына каршы согуш" дагы бир топко созулаары айкын болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости