www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин 18-февралда Эр-Риядда өткөн россия-америка сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын «жогору» баалаганын билдирди. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды.
«Мага сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу билдиришти. Мен аларды жогору баалайм. Натыйжа бар», - деди Путин.
Ошондой эле Москва менен Вашингтон «дипломатиялык ведомстволордун ишин кадимки режимде жандандыруу боюнча макулдашканын» тастыктады. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да бул тууралуу жарыялаган.
Путиндин айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп ага россия-украин согушу боюнча сүйлөшүү процесси Украинанын катышуусунда өтө турганын айткан.
Путин ошондой эле Сауд Арабиядагы орус-америка жолугушуусунда экономика, энергетика жана космос темасындагы маселелер да талкууланганын кошумчалады.
Ал Трамп менен жолугушуу каалоосу бар экенин, бирок жолугушуунун жыйынтыктуу болушу үчүн ага даярдануу керектигин билдирди.
Сауд Аравиясында 18-февралда Россия менен АКШнын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Тараптар Украина менен Россиянын ортосундагы талашты «жөнгө салуу процессин» баштоо жана сүйлөшүүчүлөрдү дайындоо боюнча макулдашты. Сүйлөшүүлөр болжол менен 4,5 саатка созулду.