www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду "Россия будущего" партиясын каттоого алуу өтүнүчүн Орусиянын Юстиция министрлиги кабыл албаганы үчүн Европанын адам укуктары сотуна кайрылды. Бул тууралуу фонддун юристтери "Telegram" каналына жазды.
Маалыматка караганда, Навальный партияны каттоого алууну сурап тогуз жолу Юстиция министрлигине кайрылып, бирок оң жооп алган эмес.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын май айында акыркы ирет кайрылганда министрлик ушул аталыштагы башка партия бар экенин билдирген. 2020-жылдын сентябрында бул партия шайлоолордо катышпаганы үчүн Жогорку сот анын ишмердигин токтоткон.
Августта Томскиден Москвага кайтып баратканда ууланган оппозиционер Алексей Навальный азырынча Германияда дарыланууда.
Эске салсак, Владимир Путиндин режиминин сынчысы катары таанылган Навальный саламаттыгы калыбына келгенден соң Орусияга кайтып, саясий ишмердигин улантарын билдирген.
Булак: NazarNews.kg