www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жыл кыңк эткизбей такты ээлеп олтурган 78 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин жоругу мансаптын башында олтурган көптөгөн президентерге абдан жакты. Ушул жолду ойлоп тапкан Нурсултан мырза мансаптын таттуулугун дагы бир жолу айгинелеп койду.

Ооба, тээ илгертен бери эле мансапты эч ким оңой менен берген эмес. Эми минтип мансапты сактап калуунун жаңы жолун ойлоп тапкан кайран Нурсултан мырза, өлкө башчыларына жаңы жолду көргөздү. Өзгөчө Оруссиянын президенти  Владимир Путинге катуу жакканын эксперттер жазылма беттерине жазып чыгышты. Эх адам баласы байлык менен мансап үчүн эмне деген гана азаптарга баш байлашпайт. Путин эмки ажолук такка Назарбаевдин жолу менен барарын эксперттер үстүртөн айтып чыгышты.

Анткени Казакстан менен Россиянын окшош жактары абдан көп. Анан президентерин алмаштыруу дагы кантип окош болбой калсын деп айтып чыккан сөздүн артында чоң маселе жаткансыйт.Путиндин төртөнчү президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Ошентсе да Путин бийликти колдон чыгара койбосун айдан ачык. Балким ага чейин дагы бир башкача жолун ойлоп таап жиберби ал учурунда билинет. Неси болсо дагы карт бөрү Назарбаевдин бул жолку жасаган кадамы Путинге жакты дегендер жөн жерден бул сөздү айтып чыгышкан жок. Артында бир чоң маселе жатканынан белги берилгенисийт.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости