www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна маек берип, келерки жылкы шайлоого сүйлөшүүлөр жүрө баштаганын, шайлоого барышарын белгилеп айтып кетти. «Бир Бол» фракциясы, алардын кадрлары бүгүн кандай иш алып барып жатат? Экс-президент Атамбаев кечээ парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү «чимкирик» депутаттар деп белгилеп кетти. Алардын арасында, албетте, «Бир Болдун»да депутаттары болсо керек. Алар эртең кайра кайтып келишеби?»ж.б. суроолор менен эксперттерге кайрылып көрдүк.
Назгүл Эшеналиева, жарандык активист: - «Бир Бол» фракциясы канча жылдан бери эле депутат болуп журөт. Эмнени жыргатышты? Эмнени кыйратышты? Көрүнүктүү эч кандай иштерин көрө алганым жок. Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова деген татыктуулар бар эле. Чолпон Жакупова «мындай парламентке иштегеңцен уялам» деп өз мандатын тапшырып кетти. Мен ал эки депутаттан башкасына ишеним деле көргөзө албайм. Алар парламентке кайра барганда «баягы-баягы, койчумандын таягы» дегеңдей эле кеп. Алардын кадрларынын бири билим министри Г.Кудайбердиеваны алсак, ал айым билим берүү тармагын талкалап жатат. Ал жакта байлыгына чиренгендер болбосо, көрүнүктүү иш аткаргандарын көрө албадым, Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын укпаган сөзү деле калган жок. «Чимкирик» «Түкүрүк», «Биржа», «Базарком» «Кнопка»... деги аларга коюлбаган ат калган жок. «Эл тараза, эл сынчы» деген сөз бар. Элдин элегинде, элдин оюнда ушундай элес менен калышты. Булардын уяты болгондо ушунча сөздү угуп отура бербей, өздөрүн таркатып жибериши керек болчу. Мындай караганда өкүмзордук менен отурушат. Алар өздөрүн таркатып жиберсе, кичине да болсо мамлекет үчүн пайдалуу иш жасаган болмок. Алтынчы чакырылыш жакшы пикир менен тарыхта калган жок.
Булак: “АЗИЯnews”