www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы чырга байланыштуу тажик бийлигин сындап бүгүн, 13-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги (БУУ) кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

Ал Тажикстан тарап чек арада курал колдонуу менен чыр-чатак чыгарып жатканын айтып, буга Бириккен Улуттар Уюму реакция кылышы керек деп эсептейт.

Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.

13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган. Чек ара кызматы учурда чек арада абал туруктуу экенин кабарлады. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости