www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Неля Нуркулова: «Анжеликанын абалы оор»

«Анжелика бүтүндөй кыргыздын кызы. Андыктан Жаратканымдан ырайым тилеп, дуба кылып коюңуздарды дагы да өтүнөбүз...», - дейт ырчы Неля Нуркулова. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

«Урматтуу кыргыз элим! Кырсык каш-кабактын ортосунда, ага эч ким кепилдик бере албайт.

Өзүңүздөр билгендей кесиптешибиз Анжелика кырсыкка учурап калды. Бүгүн акыбалын сурап келдик, тилекке каршы абалы оор. Бул албетте сыноо, бирок ар бир сыноонун аркасында жакшылык бар.
Дуба - момундун куралы дейт, ошондуктан жамаат менен Тафрижия салаватын баштадык.

Бул салават 4444 жолу окула турган дуба, андыктан ар бириңиздер чын жүрөгүңүздөр менен окусаңыздар... Буйруса Алланын мээрими, каалоосу менен Анжелика жана анын кыздарынын абалы жакшырат деген үмүттөбүз.

Анжелика бүтүндөй кыргыздын кызы. Андыктан Жаратканымдан ырайым тилеп, дуба кылып коюңуздарды дагы да өтүнөбүз... Жалпы элимдин, жамааттын дубасы кабыл болсун.
Канчалык көп дуба кылынса ошончо жакшы. Тафрижия дубасын эртең кечки саат 00:00 чейин ким канчаны айткан болсо @akbermet.2000 баракчасына жазып койюңуздар», - дейт ырчы айым.

Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден анын 5 жашар кызы жабыркаганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости