www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси караларын жактоочу Замир Жоошев маалымдаган.
Бул боюнча Замир Жоошевге байнышканыбызда аталган маселе боюнча белгиленген соттук отурум айыпталуучулардын алынып келинбегендигине байланыштуу өтпөй калганын айтты.
"Бүгүн Фарид Ниязов жана Канат Сагымбаевге карата прокуратура сотко өтүнүч киргизди. Ал өтүнүчтү кароо үчүн саат 15:00гө сот процесси дайындалган. Бирок отурум өтпөй калды. Себеби Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев СИЗОдон алынып келинген жок. Тергөөчү сотко берген актыга ылайык, айыпталуучулар СOVID-19га байланышкан абалдан улам сотко алынып келген эмес. Биз бул нерсени жөн гана шылтоо деп эсептейбиз.
Мисалы, ошол эле иштин алкагында шектелип жаткан Темирлан Султанбеков, Курсан Асановдор буга чейин сотко алынып келинип, ошол жерден үй камагына чыгарылган. Сот Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин эртең алынып келинишин милдеттендирди. Мисалга алсак, эки күн мурун Кой-Таш окуясы боюнча Ниязовду да, Сагымбаевди да ошол эле СИЗОдон алып келишкен" , - дейт жактоочу.
Белгилей кетсек, буга чейин Фарид Ниязов, Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранып жатканы маалымдалган.
Эске салсак, президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") боюнча дагы айыпталып жатышат.
Булак: NazarNews.kg