www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мени молдолордун чоң жамааты чакырып, мындай салам айтты сиздерге: "Конституциядан “светтик” деген сөздү алып таштагыла"- дейт. Бирок, “светтик” деген сөздү таптакыр алып салуу туура эместир, анын ордуна алдыңкы илимге жана маданиятка негизделген өлкө- деген формировканы киргизсек дейм” – деп билдирди бүгүн, 23-ноябрда экс-депутат Номанжан Аркабаев Конституциялык кеңешмеде.

“Светтик” деген коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кыжырын келтирип жатат” – деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы директору Акин Токталиев “светтик” деген түшүнүктү КРнын Конституциясынан алып салуу керек деген пикирин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости