www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта браконьерлерге айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана Набу уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде ар бири 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз түрдө 8 баш кекилик атылганы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 16 000 сом өлчөмүндө доо коюлду. Ошондой эле рейд маалында башка мергенчилерге аң уулоо эрежелерин сактоо жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш участкасында белгисиз жаран тарабынан уруксат берилбеген жерге таштандылар ташталып, өрттөлгөнү аныкталды. Бул факты боюнча тиешелүү жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 151-беренесине ылайык административдик чара көрүлдү.

Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнү таза кармоого, аң уулоо эрежелерин сактоого жана жаратылыш байлыктарын коргоого чакырат.

Последние новости