www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Ноокен районунун Ноокен айылында окуучулар унаа кырсыгына кабылып, адам өлүмү катталды. Бул тууралуу кабарды облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-майда, аталган айылдагы Төрөгелдиев орто мектебинин 11-классынын бир катар окуучулары «Хундай Портер» унаасы менен Кара-Булак жайлоосуна бара жатып, Кыр-Жон айылында кырсыкка кабылышкан. Алдын ала маалымат боюнча, Ноокен айылынын 1995-жылы туулган тургуну У.Э. рулду башкара албай, унаа жардан кулаган. Кырсыктан бир окуучу каза болгон. Дагы үчөө жаракат алып, Ноокен аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Унаа бийик жерден бир канча ирет тоголонуп кеткен. Портер кулап баратканда үстүндөгү окуучулардын үчөө секирип кеткенге үлгүрүшкөн. Окуучулардын абалы орто оор экени айтылууда.

Алдын ала маалыматтарда окуучулар жайлоого эс алууга бара жатышканы айтылат. Дагы бир божомолдо окуучулар айрымдарынын жайлоодогу ата-энесине бара жатышканы белгиленет.

Укук коргоо органдары учурда окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости