www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия 1-июлдан тарта туристтерди кабыл алууга даяр болот. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария өкмөттүн жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Грузияда 15-июндан тарта жергиликтүү туризм ишке кирет. Ал эми 1-июлдан баштап чет элдик туристтерди кабыл ала баштайт. 

Белгилей кетек, пандемияга байланыштуу Грузия чет элдиктер үчүн чек арасын жаап, авиакаттамдарды токтоткон. 21-марттан тарта өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Грузияда 615 адамдан коронавирус табылып, тогуз киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости