www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги акын, журналист Сонунбүбү Кадырова менен мамлекетибиздеги айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Сонунбүбү эже, Өзгөчө кырдаалдар министри бир канча аймакта сел жүргөнүнө карабай, түштүккө барган жок. Кырсык болгон жерге министр барууга милдеттүүбү?

--Албетте, кырсык болгон жерге баруу министрдин түздөн түз милдети. Вертолёту жок болсо карап отура бербей  машина менен барсын. Эгер андай иштерди чечкенге  алы жетпесе, иштин көзүн билген эр азамат жигиттерге кызматын өз эрки менен өткөрүп берсин. Ар кайсы шылтоону айткандай ал мектеп окуучусу эмес. Күнөө барбаган министрди тескей албаган Премьер-министрде. Шал болуп отурушпай баары  чогулуп кызматын өз абийирлери  менен өткөрүп берсин.

--Президенттин ишин иштин көзүн таба албаган кызматкерлери артка тартып жатабы?

--Президентти алсыз, иш билбеген жетекчи катары көрсөткүсү келген Атамбаевден калган майда кагаз ташыгыч, эшик шыпыргычтар бар. Мына ошолор да билинбеген менен ишти артка тартат. Ошондой эле Президент өз кадрын алып келгенге ашыкпаганын айынан да ушундай илең, салаң иштер орун алып жатат. Чынында бир адамдын колунан эч нерсе келбейт. Мамлекетти бир чоң команда бир адамдай ойлонуп, бир денедей кыймылдатып турса гана  өнүгөт.

--Бир адамдай ойлонуп, бир адамдай иш кыла албасына көзүбүз жетти. Абалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

--Кыргызда болору болду, бойосу канды деп коёт. Иш таптакыр жылбай калды. Ушул кырдаалдан чыгыш үчүн тез аранын ичинде элдик өкмөт түзүп, эл арасындагы иштин көзүн билген кадрларды чогултушу зарыл. Ошондой эле Сооронбай Шарипович референдум өткөрүп колу-бутту тушаган мыйзамдарды өзгөртүп, милдетти өз мойнуна алышы керек. Антпесе, кырдаал  мындан да татаалдап, айласын таппай калган абалга кептелип калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости