www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравияда акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдардын саны  рекорд койгонун бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Мохаммад Абед эль-Али акыркы сутка ичинде коронавирусту 1687 киши жуктуруп алганын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде 9 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 209га жеткен. Ошондой эле ал илдеттен 6783 бейтап айыкканын белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Аравиядагы маалымдар бир булак Жидда шаарындагы коронавируска кабылган ханзаадалар үчүн атайын адистештирилген оорукана жаңы учурларды кабыл алууга орун жетишсиз болгондуктан улам ханзаадаларды дарылоо үчүн эки мейманкана ижарага алынганын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости