www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мэрликке кимиңер келбегин, эскертип койойун, силерди казса эле ичкен-жегенинер былтыйып чыга түшөт», - деп жазып чыкты Нурлан Мотуев өзүнүн социалдык баракчасына.

--«Жүгүргөн калат, буйруган алат деген ошол. Кечээ бошоп калган Бишкек мэрлигине кимдер гана өзүн койгон жок, кимдерди гана көрсөтүшпөдү. Мырзакматов, Түлеев, Асанбеков, атүгүл оор дем алган «человек с тяжёлой энергией» Сарыбашев деген эскилерден баштап Осмонов, Тагаев дагы башка белгисиздер өздөрүн сунуштап жибергенден да уялышпады. Мэрликке кимиңер келбегин, эскертип койойун, силерди казса эле ичкен-жегенинер былтыйып чыга түшөт. Жок эле дегенде, 100 миң сомдук «растрата» чыгат. «А это уже крупная сумма, уголовное дело». Так что, Бишкектеги менин обьекттериме сайылам деп ойлобогула. «Дорого вам обойдется» ...- дейт Нурлан Мотуев.

Эске сала кетсек, 2 күндөн бери талашка түшкөн Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости