www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Нурсейит мырза, Скрябин көчөсүндөгү 45–45А дарегиндеги Максим Бакиевге таандык делген жерге көзөмөл кылууну Башкы прокуратура сизге тапшырган экен. Ал жерге сиз кандайча барып калгансыз?

— Мен 2010-жылга чейин ошол жерде бир имаратты ижарага алып иштеп тургам. Революция болгондон кийин ижара акысын берип турган адамыбыз жок болуп кетти. Ал жерде жыйырмага жакын адам ижарага туруп, иштеп жаткан. Эки жылга жакын эч кимге ижара акысын төлөбөй, кожоюну жок иштедик. Кийин “ЭлитДомСтрой” компаниясынанбыз, бул жер бизге таандык” деп документин көрсөтүп, бизди “Бул жерден кеткиле” деп олтурган имараттардан чыгарып, буза башташты. Ижарада олтургандардын имараттарын бузгандардын баары чыгып кетишти. Биздин имаратты да бузду. Мен ал жердеги авто унаа токтотуучу жайды дагы иштетчүмүн. Ошол жерге жеткенде бузуп жаткан адамдар өздөрү жок болуп кетти. Качып кеткенин кийин уктук. 2–3 киши калган элек. Бир күнү прокуратурадан келишип, бизди алып барып сурап, тактагандан кийин бизге “Бул жер Максим Бакиевдин жери болгон. Азыр башка бирөөлөр келип, жасалма документ жасашып, жер биздики дешип, ичиндеги имараттардын баарын бузуп жатыптыр” деп түшүндүрмө берди. Биз кантип ал жерге келип калганыбыз боюнча түшүнүк кат жазып бергенбиз. Прокуратуранын тергөөчүлөрү 2013-жылы 23-апрелде ал жерди көзөмөлдөп туруу үчүн мага өткөрүп беришти. Опись кылышып, протокол түзүшүп, тергөө иштери бүтмөйүнчө, Мамлекеттик мүлк министрлигине өтмөйүнчө, улутташтырылмайынча сизге жоопкер кылып өткөрүп беребиз дешкен. Ошол күндөн баштап 2016-жылдын декабрь айына чейин карадым. Экинчи мошенниктер келип, жер биздики деп ызы-чуу салганга чейин ошол жерди карап бердим.

— Революцияга чейин кимге ижара акысын төлөп турдуңуз?

— Нургали деген юрист бар болчу. Ошол жыйнап кетчү.

— Келишим түзүлгөн беле?

— Келишим түзбөй эле ижарага алганбыз. Ал жерде иштегендердин баары эле келишим түзбөй эле сүйлөшкөнгө жараша ижара акысын төкчү. Эч кандай квитанция дагы берилген эмес.

— “ЭлитДомСтройдон” ким келип силерди чыккыла деген?

— Узун бойлуу Тимур деген жигит келип “ЭлитДомСтройдун” юристи болом деген. Документин көрсөтүп, бизди ошол чыгара баштады. Менин билишим боюнча ал ушул убакка чейин издөөдө болуш керек.

— “Ата-Мекен” партиясы менен парламенттин мурунку чакырылышынын депутаты болгон Туратбек Мадылбековдун баласы Эльдар Мадылбеков да ошол жерге барганбы?

— Мадылбековдун баласы Эльдар “ЭлитДомСтройдун” башында турганын кийин прокуратурадан билдик.

— Экинчи мошенниктер келип ызы-чуу салды деп айттыңыз. Кимдер келип ызы-чуу салган?

- 2016-жылдын декабрында үч жигит келип мага “Бул жерди биз сатып алдык, жерди бошотуп бергиле” деп документтерин көрсөтүштү.

— Кайсыл компаниянын өкүлдөрү экен?

— Компаниядан эмес окшойт. Эльдар Туратбеков деген жигит болчу. Прокуратурага телефон чалып, жердин ээлери келип жатат десем, тергөөчүсү “Ал иш бизде эмес, Финполицияга кеткен. Бирок, ал жер толугу менен бүтө элегин так билем. Сиз эч кимге бербеңиз. Сизди чык дей турган болсо Финполициядан кагаз келет. Ошондо чыгып кетесиз. Эгер чыгып кетсеңиз келген адамдар сатып жиберип качып кетсе, сиз жооп бересиз” деди. Жерди биз сатып алдык деп келген балдарды түшүндүрүп жибердим. Эртеси мага Октябрь РИИБнын кызматкерлери “Сиздин үстүңүздөн арыз түштү” деп келишти. Эмне деген арыз?-деп сурасам, “Сиз бирөөнүн жерин басып алып бербей жатыптырсыз” дешти. Башкы прокуратуранын токтомун көрсөтүп, жерди жоопкер кылып мага өткөрүп бергенин айтып берсем түшүндү окшойт. “Биз териштиребиз” деп кетип калышты. Бир күндөн кийин баягылар жеке менчик күзөт кызматынын балдарын ээрчитип келип, күчкө салышып, дарбазалардын баарын беките башташты. Булар мошенник экенин билгенден кийин коомчулук билсин, ызы-чуу болсун, ошондон кийин баары ачыкка чыгат дедим да эл тааныган кишилердин баарын чакырып баштадым. “Сенин эки агаң тең көрүнүктүү адамдар, депутат” деп Баткен Шерниязовду чакырдым. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди, шоу-бизнесте жүргөн адамдарды чакырдым. Ушул адамдар келип ызы-чуу болгондон кийин жер биздики дегендер келбей койду.

— “Глобал Эдвертайзенг” компаниясы жерди 2007-жылы эле аукциондон сатып алганбыз деп чыгышпадыбы. Ошол компаниядан кимдир бирөөлөр жер биздики деп барыштыбы?

— “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынанмын деп эч ким келген жок. Бир гана Туратбеков деген “жерди мен сатып алгам” деп келди.

— Эльдар Мадылбеков менен Эльдар Туратбековдун байланышы жок бекен?

— “ЭлитДомСтройдон” келип имараттарды талкалаган Мадылбеков Эльдар Туратбекович да. Берки бала келгенде документин карасам Туратбеков Эльдар. Бирок башка бала. Мен да башында фамилиясын өзгөртүп алганбы деп ойлогом. Туратбеков үчүн кимдер гана жүгүрүшпөдү. Октябрь РИИБнин баардык курамы жүрүштү. Мени күндө алып барып сурап жатышты.

— Сиз жерди кимге өткөрүп бердиңиз?

— Финполициядан келишип, акт түзүп, мүлккө жоопкер кылып Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп беришти. Азыр ал жерди Маммүлк фонду карап олтурат.

— Сиз маалымат жыйын бергениңизде “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү эмесмин, революциядан кийин чыгып кеткем деп айттыңыз. Кат жазып чыккансызбы?

— Мен “Ата-Мекенге” расмий арыз жазып мүчө болбогом жана расмий арыз жазып чыккан да эмесмин. Партияга арыз жазып кирбегенден кийин мени ал жакка кантип аралаштырып жатканын түшүнбөйм. Бирок, революцияда ошолор менен бирге жүргөнүм чын. Өзүмдү “атамекенчимин” деп эсептебейм.

— Отунбаевадан “Ата-Мекен” партиясынын жигердүү мүчөсү катары “Апрель элдик революциясынын баатыры” деген төш белги менен сыйланганыңыз чынбы?

— Ооба, төш белги алгам. Бирок, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү катары алган эмесмин.

— Сиз прокуратура же мүлк фондунда иштебесеңиз ал жерди кантип сизге карап тур деп берип коюшту?

— Мен прокуратурадан мага бергиле деп жалдыраган жокмун. Өздөрү иликтөө иштери бүткүчө кайтарып бериңиз дегенинен макул болгом. Өткөндө прокуратурага барганымда мага эмнеге кайтарып тур деп берип койдуңар деп тергөөчүлөрдөн сурадым. Баары менден ар нерсени сурай берип тажатышты деп айттым. “Сиз ошол жерде иштеп келгениңизден кийин аягына чейин кайтарып бериңиз деп эле бергенбиз” дешкен.

                                                                              ******

Бул Нурсейит Бектурсуновдун биз берген суроолорго жообу. Кыргызда “Кайталагандан келме бузулбайт” деп коёт. Биз да чыныгы ээсин таба албай чырга түшүп жаткан жердин биринчи кожоюну ким экенине кайрадан токтололу.

2007-жылдын башында “Кыргызтелеком” Скрябин‑45–45а дарегиндеги 1,28 га жерин ачык аукционго коёт. Ага 3 компания катышып, 5 млн сомду сунуш кылган “Глобал Эдертайзинг” компаниясы эч кимдин колдоосу жок эле жерди сатып алат. Ачык аукциондон “Глобал Эдертайзинг” компаниясы сатып алган жерге Максим Бакиевдин, анын жан-жөөкөрлөрүнүн көзү түшүп, ал жерди тартып алганга ак эткенден так этишет. 2007-жылдын аягында Максим Бакиев Ахматовду чакырып, көзүнөн учкан жерди өзүнө караштуу компанияга өткөзүп берүүнү талап кыла баштайт. Максимдин басымына туш болгон “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси Ахматов сатып алган 1,28 га жерин ханзааданын жакындарына таандык болгон компанияга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Жерге Максимдин жакыны Ульяна Пак кожоюн болгон “ЭлитДомСтрой” компаниясы ээлик кылуу үчүн “Глобал Эдертайзинг” менен сатуу-сатып алуу келишимин түзөт. Бирок, “ЭлитДомСтрой” келишимдеги көрсөтүлгөн “Глобал Эдертайзинг” компаниясына которулуп берилчү сумманын бир тыйынын да төлөгөн эмес. Көз көрүнө эле тартып алган. Скрябиндеги жер кантип Максимдин жакындарына өтүп калганынын кыскача тарыхы ушундай. 2010-жылдагы революцияга чейин ал жерди “ЭлитДомСтрой” иштетип келген. Максим ээрден оодарылгандан кийин булар да дайынын таппай качып жок болушкан. Нурсейит Бектурсунов белгилегендей ал жерге эки жылдан ашык басып бара алган эмес. Эгер ал жердин чыныгы кожоюну “ЭлитДомСтрой” болгондо революциядан кийин эмне үчүн качып кетмек эле? Жасап келген ишин уланта бермек да.

Революциядан эки жылдан кийин кайрадан “ЭлитДомСтройдонбуз” жер биздики” деп барышып, ал жердеги имараттарды бузгандар менен “ЭлитДомСтройдун” кожоюну, Максим Бакиевдин көздөй адамы У. Пак кантип тил табышты? Бул дагы жообу табыла элек табышмак. Пактын компаниясынын атынан баргандардын артында “Ата-Мекен” партиясы менен парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон Туратбек Мадылбековдун карачечекей уулу Эльдар Мадылбеков турганын ал жерге жоопкер болгон Нурсейит Бектурсунов ырастап жатат. Пактын компаниясынын атынан “Ата-Мекендин” көзүр депутаттарынын бири болгон Туратбек Мадылбековдун баласы барып, жерге ээлик кылып, имараттарды бузганы эле талаштуу жерге “атамекенчилер” аралашкан деген ойду айтпаса да жаратат.

30 жылга эркинен ажыраган Пактын арыгын чапкандар мурунку ишин азыр да улантып жатышабы? “ЭлитДомСтройду” кимдер калкалап жатат? Президент кечээ “Парламент мыйзам чыгаруучу орган болбой эле ушак чыгарган жайга айланды” деп туура айтты. Өлкө башчысы айткандай парламентте олтургандар ар кандай ушактарды чыгарып, жерди жакындарына кайтарып берүүнү көксөп жаткан жокпу? Түгөнбөгөн суроолор. Бир дагы жооп жок. Бул суроолорго жооп издөөчү прокуратура, сот органдары болсо жасалма документ менен жердин чыныгы ээсинен рейдерлик жол менен тартып алган “ЭлитДомСтройго” кайтарып берүүгө жан үрөп жатышкандай.

“ЭлитДомСтрой” компаниясы менен “Глобал Эдертайзинг” түзгөн сатуу-сатып алуу келишими 2011-жылы 25-апрелде жокко чыгарылган. Бишкек райондор аралык соту келишим күчүн жоготконун 2014-жылдын 25-июнунда таанып, жерди “Глобал Эдертайзинг” компаниясына каттаганга мыйзам жол берерин билдирген өкүмүн чыгарган.

Сот чечим чыгарганына карабай Мамкаттоо кызматы жерди чыныгы ээсине каттаган эмес. Ушул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар экени даана көрүнөт.

Бишкек райондор аралык соттун 2014-жылдын 25-июнунда чыгарган чечимин токтотуу боюнча Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечими аталган жерге таасирлүү адамдар кызыкдар болуп жатканын айгинелейт. Бишкек шаардык сот 2-ноябрь 2016-жылы бир эмес эки чечим кабыл алгандай. Биринчиси, соттук отурумга төрагалык кылган А. Алыбаев жана судья А. Рыбалкина, үчүнчү судья Д. Мүлүкбаева ден соолугуна байланыштуу катышпаганын, “ЭлитДомСтрой” менен Бишкек шаардык прокуратуранын өкүлдөрү келбегенин белгилеп, соттук отурумду 2016-жылдын 22-ноябрына жылдырган чечимин чыгарып, экөөсү тең бадырайта кол тамгасын коёт. Экинчиси, ден-соолугуна байланыштуу соттук процесске катышпай калган судья Д. Мүлүкбаева көктөн түшө калгансып, Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылы 25-июнда чыгарган чечимин токтотуп туруу чечимин өзү жалгыз чыгарып салгандай. Анткени, бул чечимде бир гана Мүлүкбаеванын колу коюлган. Төрагалык кылган Алыбаевдин, судья Рыбалкинанын колу коюлган эмес. Ушундан эле Мүлүкбаеванын колу коюлуп, 2-ноябрда Бишкек райондор аралык соттун чечимин токтотуу тууралуу чыккан чечим жасалма экенин билсе болот. Прокуратура карманып жаткан, ишенген документи Мүлүкбаеванын колу коюлган 2-ноябрь күнү чыккан Бишкек шаардык сотунун “жасалма” чечими.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы Бишкек шаардык соту тарабынын 2016-жылдын 2-ноябрдагы Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июндагы чечимин токтотуу боюнча чыгарган чечими тууралуу маалымат таратып, жасалма болгонун жашырууга аракет жасаганы менен түпкүлүгүндө ишти Теңирден тетири кылып алды. Алардын маалыматы боюнча чечим Алыбаевдин төрагалыгы менен судьялар Рыбалкина менен Мүлүкбаевалар тарабынан 2016-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Көчүрмөсүн даярдап жатканда мөөнөтүн көрсөткөндө техникалык ката кетип калыптыр. Ушул да маалыматпы? Эгер 31-октябрда чечим кабыл алынган болсо Алыбаев менен Рыбалкинанын 2-ноябрда Мүлүкбаева катышкан жок, прокуратура менен “ЭлитДомСтройдун” өкүлдөрү келбеди, соттук отурум 22-ноябрга жылдырылат деген чечимин кайда катасыңар урматтуу Жогорку Соттун өкүлү?

Азыр Мүлүкбаеванын чыгарган чечими делген документ баардыгын ызы-чуу кылып жатып калды. Бирок, бул чечимде Бишкек шаардык соту Бишкек райондор аралык соту чыгарган 2014-жылдын 25-июндагы жер “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын менчиги деп тааныган чечимди жокко чыгарган эмес. Ал тургай Бишкек райондор аралык соту чыр болуп жаткан 1,28 га жерди камактан чыгарган чечимин да кабыл алган. Бул чечим дагы Бишкек шаардык соту тарабынан жокко чыгарылбаган.

Сырдуу жерге айланган Скрябиндеги 45-45А дарегине барганыбызда ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Медер деген мырза бар экен. Медер мырза жер Маммүлккө өткөнүн, прокуратура эч кимди киргизбөөнү дайындаганын айтып кагаздарын көтөрүп чыкты. Кароолчунун колундагы документти карап, мыйыгыңдан жылмайып башыңды чайкайсың. Анын колунда мүлктү камакка алуу боюнча Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 27-декабрында чыгарган чечими бар экен. Кимдер чечим кабыл алган дебейсиздерби? Мурунку үчилтик А. Алыбаев, А. Рыбалкина, Д. Мүлүкбаева. Бул үчилтик Бишкек райондор аралык сотунун жерди камактан чыгаруу жана менчик ээси деп “Глобал Эдвертайзенг” экенин тастыктаган чечимин жокко чыгарбай туруп менчик жерди кайсыл мыйзамдын негизинде камакка алуу чечимин чыгарды? Муну тескей турган адам барбы? Мурун Максим тартып алуу менен рейдерлик кылса, азыр “мыйзамдуу рейдерлик” жүрүп жаткан жокпу?

“Глобал Эдвертайзенг” Бишкек райондор аралык соттон уткандан кийин да өз менчигин каттата албай келишкен. Мамкаттоо кызматы “Биз каттай албайбыз, жогор жак билет” деген сөздү айтып келишиптир. Жогор жак ким? Өткөн жумада “Майдан” гезити ушул тема боюнча кызык фактыларды жарыялады. Анда “А. Шыкмаматов ошол учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, кийин Юстиция министри болуп туруп, Скрябин‑45–45А дарегиндеги участокту ар кандай улутташтыруу жана башка коркунучтардан калкалап турган. Демек, мында партиялык “кооперативдик” кызыкчылык чоң роль ойногон. “Ата-Мекен” партиясынын катчылыгынын башчысы Таалай Токтакунова талаштуу Скрябин көчөсү 45-45А дареги боюнча соттук териштирүүлөргө 2010-2013-жылдары “Глобал Эдвертайзенг” ЖЧКнын өкүлү катары эмне себептен катышып жүргөндүгү кызык. “Ата-Мекен” партиясынын бул жерге кызыкчылыгы болгон” деп баяндалат. Чындыгында “ЭлитДомСтройдун” атынан ошол кезде “Ата-Мекендин” депутаты болуп турган Турат Мадылбековдун барышы жөн жерден болбосо керек.

Темирлан Токтоболотов

Булак: "Жаңы ОРДО"

 

 

Последние новости