www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биз Көк-Сай айыл өкмөтүнүн атынан айла түгөнгөндө сизге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Урматтуу президент! Сиздин да бул чырдан кабарыңыз бар чыгар. Биздин сизге кайрылуубуздун себеби, сиз биздин чырыбызды уктуңузбу же жокпу бир Кудай билет.

Биздин айылдан бир зөөкүр үй-бүлө чыккан. Султаналиевдердин үй-бүлөсү, аларды кой дечү кожоюн табыла элек. Султаналиевдин эки баласы ички иштер кызматында иштеп, эки баласы бандит болуп, айыл ичин бөөдөй кууруп, урганын уруп, салык салып, өз өкүмдөрүн жүргүзүп келген. Канчалаган балдарыбызды майып кылышты, себепсиз ур-токмокко алып, менчик жерлерин коркутуп тартып алышты.

Булардын үй-бүлөсү атасы баш болуп, намаз окуган айыл аксакалын сабап, сакалын жулуп «Сакалды койгонго сага ким уруксат берди? Эгерде мен уруксат берсем гана сакал коёсуң» деп сабаган. Булардан жабыр тарткан адамдар ички иштер органдарына кайрылганда, арыздары эч кандай каралган эмес. Анткени улуу баласы шаарда милиция болуп иштеп, өкүл атасы Мелис Турганбаев болгондуктан Султаналиев Эмирланга райондун РИИБнен ага каяша айткан киши жок болгон.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биз Көк-Сай айылынын аксакалдар соту эмне үчүн зомбулук көргөн жарандар, милицияга кайрылышкан эмессиңер деп сураштырсак «биз кайрылганбыз, бирок эч кандай майнап чыкпайт, органдагылар бизди укпайт» дешти. Биз муну өз көзүбүз менен көргөндөн кийин ишенип жатабыз. Бүтүндөй айыл өкмөт, депутаттар Султаналиевдин үй-бүлөсүнө алыбыз жетпей жатканына күйүп жатабыз. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Эл Султаналиев Эмирлан жумушунан кетип, калган иштер мыйзам чегинде жүргүзүлсүн деген талап коюп жатабыз.

Биз Ички иштер министрлигине, Жогорку Кеңештин спикерине, депутаттарына кайрылдык, ММКларга жарыяладык, кыскасы кол жеткен жердин баарына кайрылып жатабыз. Эч кандай майнап чыкпай жатат. Биз түшүнбөй жатабыз, бир капитан бир айылдын элинен өйдө турарына. Булар үй-бүлөсү менен наркотик менен алектенишет. Таң каласың, азыркы бийликке жалаң наркотик менен иштеген, элди эзген бандиттер керек болуп калганбы? Биз өлкөнүн бандиттеринен качан кутулабыз? Эски ажолордун учурунда көрдүк мындайларды, дагы да кайталанып жатканы бизди өкүндүрөт. Бул бүгүн эле чыга калган чыр эмес. Акаевге, Бакиевдин зордукчул бийлигине чыдап, аргасы түгөнгөндө жарылган кыргыз элинин абалы биздин башыбызга туш келип турат. Он бир жылдан бери келе жаткан Султаналиевдин зордук-зомбулугунан тажаган эл көтөрүлүп жатат. Муну туура чечип бербесеңер каарданган эл бирдин үстүнөн чыгаары шексиз.

Калайык калк сиздер да уксаңыздар! Билсеңиздер өлкөдө кандай адамдар жашап жатканын, аларды кимдер коргоп жатканын. Султаналиевдердин кандай адам экенин сиздерге жарыялап коёлу. Зарылбектин кызы турмушка чыгып, кудалары жыгылып келерде, белгиленген күндөн бир күн мурун апасы кайтыш болуп кетип жатпайбы. Иниси Зарылбекке «апам кайтыш болуп кетти» деп кабар айтат. Анда Зарылбек инисиникине келип «Сен апамы эмнеге өлтүрдүң?» деп, апасын жакалап «сен менин жакшылыгымда эмнеге өлдүң?» деп чуу салат. Анда колунда жок учуру. Аны кыштын күнү жети-сегиздерде жайга коюп, эртеси кудаларын күтүп жатпайбы. Эл батага да барбай калды. Эл журт мунун кандай адам экенин өзүңүздөр түшүнөт чыгарсыздар. Мындайды каапыр да кылбайт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Бул ишти өзүңүз колго алат деп биз ишенебиз! Биз сизге Көк-Сай айылынын элинин атынан кайралып жатабыз.

Аксакалдар сотунун төрагасы

Болотбеков. А

Биймырзаев. К

Турсункулов. М

Акунбаев. С

Эгембердиев. А

Көбөев. А

Садралиев. Э

Чимкенеев. А

Парипиев Э

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости