www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«60 жылдык мааракеңизге байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Кесипкөйлүгүңүзгө жана турмуштук мол тажрыйбаңызга негизденген Сиздин ишмердигиңиз мындан ары да Кыргыз Республикасынын ар тараптан гүлдөп-өнүгүшүнө, анын эл аралык деңгээлдеги аброюнун өсүшүнө жана элиңиздин асыл максат-тилектерине жетишине өбөлгө болушуна тилектешмин.

Орток руханий баалуулуктарга, сан кылымдардан берки салттуу достугубузга жана ынтымакташтыкка негизделген Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы карым-катнаштар биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн ургаалдуу өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиленет Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана кажыбас кайрат, жооптуу кызматында албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости