www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Нурбек Токтакунов жарыялап, аны Фарид Ниязов бышыктаган анонимдүү кат тууралуу Эмилбек Каптагаевге эки суроо менен кайрылып, жооп алдык.

-Эмилбек мырза, коомчулукту дүрбөлөңгө салган КСДПнын шайлоо мезгилине коротулган деген анонимдүү катына ишенсек болобу?

-"Жарымы төгүн жарымы чын" дегендей го дейм. Акча корогон жагы жана аталган иштер чын болсо керек. Ал эми акча келген жагын атайын эле бурмалап коюштары да мүмкүн. Анткени, азыр Атамбаевке чатак суудай керек.

-Бул анонимдүү каттын жыйынтыгы президентке импичмент жарыялоого чейин жетпейби?

-Андай маселе көтөрүлгөнгө чейин далил бере алышпайт го дейм. Шайлоодо көп акча эч кандай документтери жок эле сарптала турганын элдин баары билет. Бул жерде Президент Жээнбековдун тегерегинде ызу-чуу салуу максаты турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости