www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Есенкулов көптөн бери «ор» казып, шаар мэри Айдар Жусупбековду ээрден оодара албай убара тартып келүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков жай мезгилинде Талас облусуна иш сапар менен барганда «Республика-Ата Журт» партиясынын Талас шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шабдановдун оозу менен мэрдин үстүнөн «жугундуну» болушунча төктүргөн.

Мирландын «артын» жалаган Шабданов ажого алынын жетишинче даттанып, аягында ишеним көрсөтпөө үчүн добуш жетпей жатканын айтып муңканган. Көрсө, Есенкуловдун этегине намаз окугандар 31 депутаттын 21 ийгере албай коюптур. Демек, булардын ниети түз эмес да.

Муну Президент деле дароо баамдаса керек, көчөнүн ушагына азгырылбады.

Мындан Мирлан Есенкуловдор жыйынтык чыгарбай, дагы деле «тиш» салууда. Колунан коко тыйын келбегенден кийин калп эле кандекчесинен каңкылдай бербей тынч жатпайбы.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости