www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Нуржигит мырза, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарында эл көп болгонунан пайдаланып, “3 миң сом берсең өткөнгө жардамдашам” деген кээ бир шылуундар пайда болгонун айттыңыз. Бул так маалыматпы?

- Бул маалымат Казакстанга өтүп жаткан биздин мекендештерден келди. Муну биздин чек ара кызматы, ички иштер министрлигинин кызматкерлери билбесе, анда башка маселе. А эгер аралашып кеткен болсо, анда өлкөнүн шору.

Ошон үчүн мен Дооронбек Садырбаевдин сөзүн айтпадымбы, “Кайран гана кыргызым, өзүңдүн зөөкүр уулдарың менен зөөкүр кыздарыңды кечир!” деп. Башка эмне дей аласың? Ишеничтүү булактардан келген маалымат. Ошон үчүн маселе көтөрдүм. Муну сөзсүз текшериш керек.

- Жакында жер-жемиштер быша баштайт. Дыйкандарыбыз аны кошуна өлкөлөргө, ошол эле Казакстанга сатышы керек. Андан соң жайкы сезон башталып, туристтер келе баштайт. Ошонун баарында чек арадан өтүү көйгөйү жаралышы мүмкүн. Муну кантип чечсе болот?

- Биз муну комитеттин отурумунда карап, тийешелүү сунушту өкмөткө жөнөткөнбүз. Биздин ыйгарым укугубуз ошону менен бүтөт. Бирок, депутаттар деле бир делегация түзүп, ал жактын парламентарийлери менен сүйлөшүп келсек болот. Негизи, биз ЕАЭБге “жарандар эркин жүрсүн, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр эркин айлансын” деп киргенбиз да.

Бирок, өкүнүчтүү жери ЕАЭБге кирбеген Кытай менен катнаш жеңил, ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен катнаш кыйын. Маселе ошондо болуп атпайбы. Келишимде “маселени эки тараптуу караса болот” дегендей пункттар бар экен.

Жалпы ЕАЭБдин деңгээлинде чечилсе жеңил болмок. Эки тарап чече турган болсо, анда биз ЕАЭБге эмнеге кирдик? Менимче, баардык маселелер жакын арада чечилет го...

Булак: Азия News гезити

Последние новости