www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепкананын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Китепкананын директору Телегей Жаркыналиева министр менен болгон жолугушуу учурунда китепкана учурда өзүнчө имаратка муктаж экендигин айткан.

“Китепканага китеп батпай, окурмандарды пандемия шартында кабыл алып жатабыз. Китептерди сактоого жана окурмандарды көп кабыл алуу ниетибиз бар. Бирок биз жайгашкан имарат тар болгондуктан, ал тилегибизди ишке ашыруу мүмкүн болбой жатат”, - деп кошумчалады директор.

Ошондой эле, учурда китепкананын жанында жер тилкеси фундамент менен даяр экени, ал планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен акча каражат керектелээри белгилүү болгон.

Министр Кадырбеков өлкөдөгү азыркы бюджеттик тартыштык олуттуу көйгөй болуп турганда, демөөрчүлөрдү тартуу менен маселени чечүү аракетин көрөөрүн убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости