www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер Жо Байденди колдоп жатат.

Обама кечээ, 21-октябрда, Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында өткөн шайлоо митингине катышты. Анын катышуусунда Обама Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байденди колдоп сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мурунку мамлекет башчысы Пенсильванияга келгенди жакшы көрөрүн мойнуна алды. Белгилүү болгондой, Обама бул штатта 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен.

"Сиз мени эки жолу колдодуңуз. Бүгүн мен Ак үйгө Жо Байден менен Камола Харриске тийишиме жардам берүүңүздү сурандым" деди митингде Обама. Обаманын айтымында, Трамп өз ишин "реалити-шоу" деп эсептейт. Обама ошондой эле учурдагы Ак үйдүн башчысын "АКШнын дүйнөдөгү кадыр-баркы түштү" жана өлкөдө коронавируска каршы натыйжалуу чараларды көрбөй жатат деп күнөөлөдү.

Маалымат үчүн, Обама Байденди колдой тургандыгын расмий апрель айында жарыялаган. Бирок ушул убакка чейин ал коомдук иш-чараларда демократты колдоп сүйлөгөн эмес. Барак Обама 2009-2017-жылдары АКШнын президенти болгон. Эске салсак, АКШда кийинки президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында болот.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости