www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендер үчүн киреше салыгы жогорулатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктын коюму 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү.

Ошондой эле 2020-жылдын 22-августундагы № 141 мыйзамга ылайык, роялти боюнча салыктык база металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы болуп саналат.

Роялти боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен төмөнкүдөй бирдиктүү ставка белгиленет:

алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө;

алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Мыйзам 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости