www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан тарта, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык ооруканалары дагы акысыз гемодиализ программасына киргизилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акысыз гемодиализ кызматын көрсөткөн мамлекеттик ооруканалар аталган фонддон каржылана баштады.

Бөйрөк оорусу бешинчи стадияга жеткен бейтаптар аталган медициналык жайлардан жеңилдетилген шартта гемодиализ ала алышат. Ал эми чыгымдар фонд тарабынан төлөнөт.

2019-жылы 18 жеке клиника 1116 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөткөн. Фонд тарабынан каржыланган сумма 530 миллион сомду түзгөн. Ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализге муктаж кошумча 118 бейтаптын тизмесин берген.

2020-жылдын 1-январына карата акысыз гемодиализ алып жаткандардын саны 1234 адамды түзөт.

  

 Булак:NazarNews.kg

  

Последние новости