www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чарасын киргизди

Өкмөт көмүрдүн баасы боюнча убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-октябрда, билдирет. Чечим көмүрдүн кымбатоосуна жол бербөө жана калкты көмүр менен өз маалында, туруктуу негизде камсыз кылуу үчүн кабыл алынганы белгиленет. Убактылуу чара 90 күнгө уланат жана баанын эң жогорку чеги белгиленет. Экономика жана каржы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.

Маалым болгондой, Кара-Кеченин өзүндө көмүрдүн бир тоннасынын наркы былтыркыдан өзгөрбөстөн быйыл да 1330 сом болууда. Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго кымбат.

Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда. Октябрь айында аба кескин сууктап кетип, көмүр да кымбаттай түшкөн. Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости