www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мандаттуу чөлкөмдөн Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлер Ысык-Көл, Кадамжай жана Сузак округдары боюнча көп катталды. Бул маалыматты БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди. Анын айтымында, башка чолкөмдөр боюнча талапкерлердин саны бирдей.

«Эртең [13-октябрда] саат 18:00дө документтерди кабыл алуу убактысы аяктайт. Менин оюмча, талапкерлердин саны дагы өсөт. Бул жакка келе жатканда кезек күткөндөр көп экенин көрдүм», - деди А.Жумалиева. Ал кошумчалагандай, партиялар 13-октябрда саат 18:00гө чейин съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга өткөрүш керек.

11-октябрда кечкиге карата Кадамжай жана Сузак боюнча 11 талапкер БШКга билдирүү берген. Бул жолку шайлоодо Жогорку Кеңештеги мандаттар 90го чейин кыскарып, 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу чөлкөмдөр аркылуу шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости