www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев депутаттыкка ат салышуу тууралуу оюнан кайтты. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги бийлик тарабынан терс кабылданышы мүмкүн, ошондой эле, атайылап бийликке умтулуу катары туура эмес чечмелениши ыктымал.

«Алмазбек Шаршеновичтин эч кандай кызматтка кайтуу каалоосу жок, анын максаты - өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна кайтаруу. Алмазбек Атамбаев да, Социал-демократтар партиясы да бир жылдан ашык убактан бери бийликке көптөгөн маселе боюнча жардам берүүгө аракет кылып жатат, алардын туура иш-аракеттерин колдоого жана мүмкүн болуучу каталар жөнүндө эскертүүгө аракет кылып жатат», - деп жазат Султанбеков.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар №47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын тергөө абагында жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости