www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миң-Куш айылы. Кыргызстандагы урандын радиоактивдүү калдыктары жайгашкан бирден-бир аймак. 1947-жылы калыптанган. Союз убагында бул шаарча Москванын камкордугунда болуп, жашоо тиричиликке нааразы болгондордун саны азы эле. Бир кездерде 10 жылга жетпеген убакыт бул жерден союздун керектөөсүнө уран казылып алынчу. Кийин анын ишмердүүлүгү токтотулган.

Бирок уран калдыктары калган. Андайлардын бири учурда өтө кооптуу деңгээлге жетип турат. Эгерде андагы урандын калдыктары суу менен аралаша турган болсо анын кесепети бир гана Кыргызстанга таасир тийгизбестен, Орто Азия чөлкөмүндөгү айрым өлкөлөрдү өзүнүн курчоосуна алат. Ал калдыктарды коопсуздандыруу үчүн “Росатом” жана Евробиримдик Кыргызстанга акча бөлгөн. Эми кыргыз бийлиги урандын калдыктарын Миң-Куштан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге көчүрүшү керек.

Өкмөт жолдо урандын чаңы жергиликтүүлөргө зыян келтирбеш үчүн андай аймактагыларды көчүрүүнү туура көрүшкөн. Октябрь айында ал айылдагы тургундардын үйүнө ӨКМден билдирме келген. Анда тургундардын тез арада башка жерге көчүп кетиши тууралуу билдирме жазылган. Бирок, жергиликтүүлөр ага каршы. Себеби алдыда кыш, көбүнүн үй-бүлөсүн, мал-жандыгын көчүрүп бара турган альтернативдүү жери жок.

Негизинен жергиликтүүлөр деле көчүүгө каршы эмес. Бирок каякка жана кайсыл каражатка? Өкмөт болсо компенсацияны көчкөндөн кийин төлөйбүз беп сооротушса, тургундар көчө электе төлөгүлө деп жатат.  Сыягы жакыр, кембагал өкмөт мүчөлөрү "Росатом" жана Евробиримдиктен келген каражаттан "өзүлөрүнө" бираз тыйын сындырып калалы десе керек. Болбосо, келишим боюнча андай чыгымдар келишимде алдын-ала эле карала турган иш болсо керек. Эми өкмөт ойлогондой элдин баары эле  “чалагайым” эмес да азыр. “Төлөп беребиз” – деп коюп анан тапсаңда сыйпалап кал заманы эмеспи...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости