www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия бийлиги ИГИЛге кирип кеткен чет элдик жарандарды өз өлкөлөрүнө департациялоону пландап жатат. Арасында Кыргызстандын 23 жараны да бар. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, ИГИЛ менен байланышы бар деп кармалгандардын арасында 34 өлкөнүн 959 жараны бар. Анын ичинде көпчүлүгү Сирия, Ирак жана Орусиянын жарандары. Тизмеде 23 кыргызстандык жаран да көрсөтүлгөн. 

Буга чейин Түркиянын ММКлары 11-ноябрдан баштап Түркия кармалган ИГИЛдин мүчөлөрүн өз өлкөсүнө кайтаруу процедурасы башталат деп билдиришкен. Азырынча АКШнын бир жараны жана Германиянын 7 жараны өз өлкөлөрүнө департацияланганы белгилүү. 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Түркия тарабынан кыргызстандыктарды департациялоо тууралуу расмий маалымат түшпөгөндүгүн билдирди. ММКларда тараган маалыматтан кийин Кыргызстан Түркияга расмий сурам жиберген. Түркия тарап азырынча жообун бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости