www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн туристтик сезонго даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2021-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, Ош шаарынын борбордук аянтында Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн өздүк курамынын катышуусунда саптык кароо өткөрдү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө, 2021-жайкы туристтик сезон ачылгандыгына байланыштуу, туристтик мезгилде Ош шаарынын аймагына жарандардын жана келген туристтердин коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир катар маселелерге токтолуп, МККБнын туристтик взводунун даярдыгын текшерди. Жолугушууда министридин орун басары, “Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты-жайкы туристтик мезгил учурунда өлкөбүздүн жалпы аймагында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Ошондуктан, жайкы туристтик сезон учурунда коомдук жайларда, эс алуучу жана ден соолукту чыӊдоочу жайларда коомдук тартипти жеткиликтүү деӊгээлде камсыздап, жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ар түрдүү кылмыштарга жана криминалдык окуяларга кириптер болуусун алын алуу керектигин баса белгилегим келет. Аны менен бирге эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарына жол бербөө үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууӊарды талап кылам”,-деди өз сөзүндө Октябрь Жолдошевич.
2021-жылдын жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2021-жылдын 14-майында ИИМдин №247-т тескемеси чыгарылып, зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын аймагында туристтердин коопсуздугу үчүн шаардын унаа жолдорунда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары эс алуу жайларында Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгулдоо каттамдары иштелип чыкты.
Булак: NazarNews.kg