www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдагы тополоңдо жараат алгандар митингге чыкты

Былтыркы октябрь окуяларында жараат алгандар түзгөн “Кыргыз үмүтү” кыймылынын он чакты мүчөсү Бишкектеги эски аянтта эки күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар мурунку президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну, тополоңдо жаракат алгандарга азыркы бийлик жардам беришин талап кылышууда.

“Октябрдагы тополондо жаракат алгандар ушул күнгө чейин толук дарылана албай жүрүшөт. Буга чейин “Үмүт булагы” фонду 15-күндүк дарыга акча берген. Андан башка жардам болгон жок. Жаракат алгандар ишке жарамсыз болуп калды. Биздин талабыбыз жаракат алгандарды толук дарылануудан өткөрүп берсин. Акыркы бийлик ушул балдарындын аркасы менен келген”, -деди “Кыргыз үмүтү” кыймылынын мүчөсү Сыргак Сакыбаев.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык маалында 1221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн. Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Жараат алгандар түзгөн "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан былтыр 1-декабрда өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости