www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2008-жылы туулган Аккийизова Айлун дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

17-февралда милицияга апасы кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 16-февралда саат 9:00 чамасында кызы И. Раззаков атындагы КМТУнун колледжине кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ошол эле күнү саат 14:00 чамасында ал байланышка чыгып, сабактан кийин 2–3 сааттан соң үйгө келерин билдирген. Аталган факт каттоого алынган.

Белгилери: бою 165 см, салмагы 60–65 кг, чачы узун, күрөң түстүү, көзү күрөң, бетинде өзгөчө белгилери жок. Кийими: сары плащ, кара жинсы шым, ак өтүк, күрөң кофта. Жанында күрөң сумкасы болгон.

Милиция дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0770 317 459, 0702 494 730 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Последние новости