www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан Сыдык Дүйшөмбиев ("Пито") 15-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Сыдык Дүйшөмбиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болду.

Социалдык тармактарда УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев “Пито” деген каймана ат менен белгилүү экени айтылып жатат жана аны укук коргоо органдары кармаган учурдагы видеосу тараган.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалган.

Мындан тышкары, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков да кармалып, 2 айга камалган.

Последние новости