www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабыл алууга келген жарандардын кайрылуулары негизинен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча келип чыккан көйгөйлөр, коңшулар ортосундагы жер талаш маселелери боюнча болду. Ошондой эле турак жайы өрттөнүп кеткен жарандын маселеси жана башка социалдык мүнөздөгү суроолор каралды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан тышкары, социалдык маанидеги айрым кайрылуулар боюнча шаардын вице-мэри Эрмекан Дүйшөбаева да жарандарды кабыл алып, тиешелүү адистер менен биргеликте маселелерди кароого алды.

Шаар жетекчилиги ар бир кайрылууну дыкат угуп, мыйзам чегинде чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Кайрылуулардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

 

Последние новости