www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте

Бишкекте 17-февралда "Манас ааламы" виртуалдык музейинин бет ачары болду. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты. 

Иш-чара “Манас ааламы – 2025” аттуу масштабдуу көркөм өнөр сынагына катышкан эмгектердин көргөзмөсү менен башталды.

Виртуалдык музей президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун ишке ашыруу жана кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон Манас эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптан изилдөө жана дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо максатында түзүлгөн. Долбоор улуттук мурасты санариптик форматта жайылтып, көркөм жана чыгармачылык эмгектерди кеңири коомчулукка жеткирүүгө багытталган.

“Манас ааламы – 2025” сынагынын алкагында жаралган мыкты эмгектер виртуалдык музейге жайгаштырылып, улуттук баалуулуктарды заманбап көркөм чечмелөө аркылуу чагылдырганы менен айырмаланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө виртуалдык музейдин түзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги өнүгүү багыттары кеңири тааныштырылды. Катышуучулар санариптик аянтчанын мазмундук байлыгына, көркөм чечимдеринин жаңычылдыгына жогору баа берип, бул демилге “Манас” эпосун жаңы доордун талабына ылайык жайылтууда маанилүү кадам экенин белгилешти.

“Манас ааламы” виртуалдык музейи улуттук руханий мурасты сактоо менен катар аны дүйнөлүк маданий мейкиндикке алып чыгууга багытталган заманбап платформа катары өз ишин расмий түрдө баштады.

Последние новости