www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Абдырахманов:

Европада кадр деп тууган, досту албайт. Мындай пикирди саясатчы Өмүрбек Абдырахманов айтты. 

"Европада мамлекеттик менчик деген негизинен болгон эмес. Темир жол же башкаларды мамлекет курган. Бирок анын барын мамлекет менчиктеп алган эмес. Америкада болсо мамлекеттин менчиги же ишканасы дегендин бирин да көргөн жокмун. Чоң компаниялары дагы, учак чыгарган "Airbus" дагы менчик. Себеби менчик натыйжалуу иштейт. Ал жерде коррупция деген болбойт. Кадр деп тууган, досту албайт. Эң мыктысын тандап туруп алат. Дагы бир өтө маанилүү жагы менчикке эркиндик берүү керек. Бизде болсо коррупция, бюрократия. Ошону менен тушалып, чырмалып тура берет. Мисалы, менин алма багымда эле канча маселе бар? Жашап, алма бакты караш үчүн там салсаң уруксат бербейт, тракторго дагы бир керектүү шайманын жасап чыгып иштетейин десең, ага да уруксат бербейт. Муздаткыч керек, аны салайын десең анысына дагы уруксат жок. Анан кантип өнүгөт?",  - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости