www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев шайлоонун жыйынтыгы өзгөртүлгөнүн айтты

Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди. Ал шайлоонун жыйынтыгы өзгөртүлдү деп эсептейт.

"Өзүбүздүн сурамжылоо боюнча биз 8-10% төмөн түшпөй келе жатканбыз. Бийликчил партиялар 4% жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат", - деди Текебаев.

Боршайкомдун шайлоо жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында "Ата Мекен" партиясы 6,45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3,4% болгону жазылды.

Саат 21:00гө карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Кечки саат 22:00гө карата алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү. Алар:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16,67%
"Ишеним" - 13,33%
"Ынтымак" - 10,61%
"Альянс" - 8,09%
"Бүтүн Кыргызстан" - 6,63%
"Ыйман нуру" - 5,91%

Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин бир саат аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштарды кошкондо 150% ашып кетип жаткан. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 28-ноябрдагы шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости