www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын билдиргени боюнча, ал абактагы жолдошу менен 15-мартта жолугушкан боюнча көрүшө элек.
«Бизге бир жарым айда бир жолугууга уруксат бериле турган кылып койгон. Акыркы жолу киргенде абалы жакшы эмес болчу. Азыр деле өзгөрүү жок», — деди Текебаева.
3-апрелде Феликс Кулов, Темир Сариев баштаган коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик башчыларына кайрылуу жиберип, «Ата-Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге дарыланууга шарт түзүп берүүнү суранышкан. Кайрылууда Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганы, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени белгиленген.
Маалыматка караганда, эки жумадан бери Өмүрбек Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбейт, ошол жердеги дарыгерлер тарабынан ар тараптуу текшерүү толук жүргүзүлө элек.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. Бул тууралуу маалыматты Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.
Буга чейин эл арасында, Өмүрбек Текебаевдин абалы оор экендиги айтылып келген. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак Өмүрбек Текебаев өзү жалгыз чакан камерада жатат. Жүрөгү ооруп жаткандыгын жана абалы күндөн-күнгө оордоп бара жаткандыгы айтылган.
Булак: NazarNews.kg