www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ооруканага жатты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жапыкеев кант диабети күчөп кеткендиктен ооруканага жатып дарыланууга туура келгенин айтат.

«Достор, баары жакшы, кант диабетим күчөп, бүгүн көтөрүлүп кетти. Акыркы күндөрү ден-соолукка катуу күч келип жатат (нерв). Кант диабетин бир да окумуштуу айыктыра албай койду.

Эч жериң оорубайт, бирок бүт органдарды жейт экен. Буюрса, бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришебиз. «Доктурга баш ийбесе болбойт» деп жаткырышты», — деди Жапыкеев.

Бул маалыматты Финполдун басма сөз кызматы тастыктап, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылганын билдирди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости