www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын гегемониясы соңуна чыгып, жаңы дүйнө тартиби орноп жатат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан элчилер менен жолугушуу учурунда айтканын MTI агенттиги жазды.

"Батыштын үстөмдүгү жокко чыкканын азыр эч ким талашпайт, мыкты далилденип жатат. Жаңы дүйнө тартиби орноодо, абалга дайым анализ жүргүзүп туруу керек. Дүйнөнү геосаясий блокторго бөлүү аракеттери көрүлүүдө", — деген Орбан.

Анын айтымында, ушу тапта өз көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Венгрия сыяктуу өлкөлөргө катуу кысым көрсөтүлүп жатат.

"Кайсы бир блокко мүчөлүк бир топ чектеп коеру анык. Венгрия Евробиримдик менен НАТОго кирүүгө кызыкдар болгону менен блокко бөлүнүү өлкө үчүн пайдалуу болбойт. Мындан улам биз көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн башка мамлекеттер менен кызматташуубузду бекемдейбиз", — деди премьер-министр.

Орбан венгр элчилери "саясий пикир келишпестиктердин деңгээлине түшпөй, дүйнө жүзүнө өлкөнүн канчалык өсүп-өнүгүп жатканын талашсыз экономикалык фактылар менен көрсөтүп далилдеп бериши керектигин" белгиледи.

Буга чейин Виктор Орбан республика Россия менен экономикалык кызматташуудан баш тарткысы келбей турганын, тескерисинче, санкция салынбаган тармактарда алаканы бекемдөө ниетинде экенин билдирген. Анын айтымында, Украинадагы жаңжал аягына чыккандан кийин экономикалык жашоо уланат, ал эми россиялык рыноктун ролу Венгрия үчүн абдан маанилүү. Орбан Венгрия суверенитетин коргогон Австрия, Словакия жана Сербия менен V4 (Чехия, Словакия, Венгрия, Польша кирген Вышеград төрттүгү) менен жанаша иш жүргүзгөн жаңы бирикменин алкагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Последние новости