www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орок айылында автотранспорт каражаттарынан атмосферага чыккан зыяндуу заттардын деңгээлин көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө экологиялык талаптарды бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын деңгээлин көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп келет.

Мындай текшерүүлөр атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга жана транспорттон чыккан зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган.

Последние новости