www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын жараны жаракат алганын жергиликтүү "Dogan" маалымат агенттиги жазып чыкты. Кабарда өрттөн төрт киши жаракат алып, анын бирөө кыргызстандык кыз экени жазылат.

Өрт 7-мартта Түркиянын Измир шаарындагы беш кабаттуу мейманканада чыккан. Өрт күчөп, имараттын дээрлиги көбү күйүп кеткен. Өрттүн себептерин тийиштүү органдар аныктай элек.

Социалдык түйүндөрдө жергиликтүү жарандардын тарткан видеолорунда бешинчи кабатта терезеде эки кыз тыгылып, көп өтпөй экөө тең жерге кулап түшкөнү көрүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости