www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда азык-түлүк дүкөнгө күйөөсү жок барган аялдын башы алынды. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып маалымдады.

Окуя "Талибан" кыймылынын көзөмөлүндө турган Сар-э-пул облусунда катталган.

Басылманын маалыматы боюнча башы алынган аялдын күйөөсү бир канча күн мурда өлкөнү таштап кеткен. Күйөөсү жокто аялы Латти айылындагы базарга жөнөйт. Аны жолдон куралчан адамдар кармап алып, өлтүрүп салышкан. 

Облустун губернаторунун айтымында, каза болгон аял "Талибан" кыймылынын аял киши сыртка эркек киши менен гана чыгууга болот деген эрежесин бузуп койгондугу үчүн өлтүрүлгөн. Бирок аталган кыймыл адам өлтүрүүгө тиешеси жок экендигин билдирген. 

Афганистанда акыркы мезгилде кырдаал курчуп кеткени байкалат. Элет жерин басып алган "Талибан" радикалдык кыймылы ири шаарларга чабуул кое баштады. Андан сырткары, аймакта "Ислам мамлекети" террордук тобунун таасири да күчөп келет.

Булак: "Спутник кж"

Последние новости